Жаңылыктар
Кыргызстан Сауд Арабиясы менен ар тараптуу байланышты чыңдоого кызыкдар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Сауд Арабиясы менен ар тараптуу байланышты чыңдоого кызыкдар

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Сауд Арабиясынын Аш-Шура Мажлисинин Эл аралык комитетинин төрагасы Али Бин Мухаммад Аль-Асири менен жолугушту. 

Эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттик кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. 

Төрага Кыргызстан Сауд Арабиясы менен ар тараптуу байланышты чыңдоого кызыкдар экендигин белгиледи. Муну менен катар Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумдарын уюштуруу зарылчылыгына токтолгон Талант Мамытов, Ишкерлер кеңешинин ишин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, Кыргыз-Сауд инвестициялык фондун түзүү, жарандар үчүн түз аба каттамын ачуу, Сауд Арабиясына туристтик виза алуу укугуна ээ мамлекеттердин катарына Кыргызстанды кошуу маселелерин көтөрдү.