Жаңылыктар
Бишкектеги жол кырсыгынан 9 адам жабыркады
Кырсык
Бишкектеги жол кырсыгынан 9 адам жабыркады

Бишкекте ири жол кырсыгы катталды. Айдоочунун алабармандыгынан улам жол кырсыгынан тогуз адам жабыркап, алтоо үйүнө чыгарылса, үчөө травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланууда. Бирок катуу жабыр тарткан 37 жаштагы жүргүнчүнүн абалы оор бойдон калууда. Анын бир колу жанчылып, тамырлары үзүлүп кеткендиктен, дарыгерлер аны кесип салууга аргасыз болушкан.

21-сентябрь күнү кечинде Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүндөгү Форум ишканасынын имаратынын жанында маршруттук такси ала салып, тогуз киши жабыркаган. Түндүктү көздөй эл ташып бараткан №138 каттамдагы кичиавтобус жолдон чыгып кеткен. Күбөлөрдүн айтуусунда, катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа оодарылып кетип, 50-60 метрдей сүрүлүп барып токтогон.

Ал маршруттук таксиде жумуштан чыгып, үйүнө бара жаткан 33 жаштагы Назира Бейшенова бараткан. Анын айтымында, айдоочу жолду катар башка унаалар менен жарышып, саатына 100 километрден кем эмес ылдамдыкта бара жаткан. Жол кырсыгынан Назиранын баш мээси чайкалып, сол колу шишип кеткен.

Жабырлануучулардын ичинен 37 жаштагы аял катуу жаракат алган. Ал азыр жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор. Анын бир колу жанчылып, тамырлары үзүлүп кеткендиктен, дарыгерлер анын колун чыканактан ылдый кесип салууга аргасыз болушкан. Андан сырткары баш мээси чайкалып жана көп кан жоготкон.

№138 маршруттук таксинин айдоочусу 28 жаштагы Назарбек Өмүрканов. Ал айдоочулук күбөлүгүн 2014-жылы алган. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы ага карата азырынча кылмыш ишин козгой элек.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118