Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште “Референдум жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеште “Референдум жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңеш “Референдум жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун талкуулап, экинчи окууда кабыл алды. Буга чейин документ Конституциялык мыйзамдар комитетинде каралып жактырылган. РАС:Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, мыйзамды кабыл алуу азыркы учурда өтө маанилүү жана зарыл болуп турат. 

Буга чейин Кыргызстанда 2007-жылы кабыл алынган “Референдум жөнүндөгү” мыйзам болгон, бирок ал эскирип, азыркы учурдун талабына жооп бербей калган. Анткени 90-жылдардан тартып дээрлик апрель ынкылабына чейин өткөрулгөн референдумдардын бардыгы президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган. Алгачкы эки президент бул кампанияларды өз кызыкчылыктарына пайдаланышканы эч кимге жашыруун эмес, анын үстүнө буга чейин референдум дайындоо укугу бир гана президентте болгон. Эми бул жаатта абал өзгөрөт дешет депутаттар.

Жогорку Кенештеги юристтери, жаңы мыйзамды акыркы окууда кабыл алуу жакын арада болорун айтышат. Бир гана маселе экинчи жана үчүнчү окуунун ортосунда бул документ боюнча парламенттик угуу өтөбү же жокпу. Эгер мыйзам парламенттик угууга чыгарылган күндө деле, бул мыйзамдын күчүнө кирүү убактысын бир-эки жумага гана кечеңдетет.

Бул арада Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүү боюнча кол топтоо башталды. Биринчилерден болуп “Референдум дайындоо” мыйзамын Социал-демократтар фракциясы жактырып, кагаз жүзүндө бекитишти.

Кол топтоо боюнча кезек "Республика-Ата Журт" фракциясына өттү. Бирок, фракциянын катчылыгынан республикачылардан бул демилгени колдогон депутаттардын саны канча экенин белгисиз деп билдиришти. Айрым расмий эмес маалыматтарга караганда бул фракциядан Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин дээрлик жүз пайызы колдоп жатат. Партия лидери Өмүрбек Бабанов жеке өзү билдиргендей, "Республика-Ата Журт" шайлоолорго баш мыйзамды өзгөртөбүз деген ураандын астында барган. Ага катар Конституцияны өзгөртүү маселесин эл өзү чечсин деген пикирди карманышкан.

Башка фракциялардан жеке депутаттар мыйзам долбоорго өз алдынча кол коюшууда. Ал эми айрымдары буга карата фракциянын чечими кандай болорун күтүп, байкоо салып жатышат. Маселен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев мындай дейт:
Рефрендум дайындоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун жалпы палатага алып чыгуу үчүн депутаттардын үчтөн экисинин макулдугу керек, тактап айтканда, 81 эл өкүлү кол койсо болду. Белгилүү болгондой алардын көпчүлүгүнүн колу чогулуп калды. Эми референдум бүгүн добуш берилип кабыл алынган мыйзамга ылайык, жаңы эреже менен өткөрүлөт.
 

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118