Жаңылыктар
Ак алтын түшүмү
Айыл чарба
Ак алтын түшүмү

Кыргызстандын пахтасына суроо-талап жогору. Туруктуу кардарлары Орусия менен Түркиядан. Ош облусунун дыйкандары кирешелүү, стратегиялык сырье катары баалап ак буланын аянтын быйыл 2 миң гектарга кеңейтишти. 

Кезинде күнүнө 200 кг чейин пахта чогулткан Кара-Суулук Касымахун Юсупов карыянын 70ке таяп калган жашы, пахтаны неберелери менен бирдей темпте тергенге тоскоол боло албайт. Тынымсыз кыймыл-аракет - ар кандай оору-сыркоонун алдын алат –дейт карыя.

20 жылдан бери пахта өстүргөн дыйкан, Алымжан Дадабаевдин 17 гектар пахта аянты бар. Кооператив башчысы быйыл ак алтындын түшүмүн жыйноодо кошумча күч жалдаган. Ар бир кг пахтага беш сомдон акы төлөйт.

Өткөн жылы бир кг пахта 42,43 сомго чейин сатылган. Дыйкандар талаага кетирген чыгымды актоо үчүн баа жок дегенде 50 сом болуш керек дейт. Ак алтындын наркы туруктуу болбогондуктан , быйыл канчадан бааланары белгисиз.

Айыл-чарба адистери пахтаны кайра иштетүүчү бирдиктүү фабрика куруу зарылдыгын айтышат. Анткени, пахта тазалоочу заводдор жеке менчик болгондуктан, канчадан бааланат так маалымат жок. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118