Жаңылыктар
Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата илимий-конференция өттү
Маданият
Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата илимий-конференция өттү

Көгүлтүр көл жээгинде залкар ойчул жана акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий - практикалык жыйын өттү. Ага кыргызстандык окумуштуулардан сырткары, чет өлкөлүк белгилүү түрколог, археолог, этнологдор катышты. Илимий шерине кыргыз таануу, чыгыш таануу, фольклор жаатында изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын соңку жылдардагы жаңы табылгаларды илимий чөйрөгө киргизүүсү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү жаратты.

Баласагын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон. Чыгаан акын, философ Жусуп Баласагын араб поэзиясын, түрк элдеринин фольклорун жакшы билген. Ал 1015-жылы Баласагын шаарында туулган. Ойчулдун эн негизги китеби "Куттуу билим" 1069-70-жылдары жазылып, Карахандардын ажоосу Табгач Богра ханга берилген. Анда орто кылымдагы чыгыш элдеринин акыл насааты чагылдырылган.

Бул китепте 11-кылымдагы билимдүү илимдүү түрк элдеринин моралдык, нравалык түшүнүктөрү, укук жана мамлекеттик башкаруу тууралуу ойлору чагылдырылган. Эң негизгиси ошол принциптер азыр да актуалдуу дешет окумуштуулар.

Илимий жыйын-жыл сайын өткөрүлүп келген Кыргыз каганаты, Карахандар каганаты жана башка түрк мамлекеттеринин тарыхына жана маданиятына арналган эл аралык илимий жыйындардын бешинчиси. Казакстандан келген катышуучулар, жалпы түрк элдеринин ойчулу Баласагындын 1000 жылдыгына арналган иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118