Жаңылыктар
Өмүрбек Текебаевдин ачыкка чыккан мүлктөрү
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүрбек Текебаевдин ачыкка чыккан мүлктөрү

Депутат Мээрбек  Мискенбаевдин айтымында, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жеке мүлкү абдан чоң. Муну мамлекеттик каттоо кызматы дагы тастыктады. Эл өкүлү кыймылсыз мүлкүнүн көпчүлүк бөлүгүн жубайы Айгүл Текебаевага каттаткан. 

Учурда элдин көпчүлүгү айрым чиновниктердин кайым айтышканы тууралуу кеп кылууда. Өзгөчө депутаттар жасаган кээ бир иштер жөнүндө. Кыргызстандыктар муну кезектеги дагы бир компромат дешет. Мындай алып караганда айтылган сындар жалган жалаабы же чынында эле анын жөндүүбү деп күтүп калышты.



Социалдык тармактарда ар кандай маалыматтар пайда боло калууда. Мунун баары 31-августта, өлкөнүн көз карандысыз күнүн белгилөө учурунда сүйлөп жатып президент Алмазбек Атамбаев, 2010-жылдын апрель окуясындагы мародерлук боюнча күнөөлүүлөр жооп бериши керек деп айткандан кийин башталды. Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык миллиондогон мүлк кайда кетти. Кыймылсыз мүлк, баалуулуктар жана банктарда сакталган акча. Айта берсе көп. Анын баары мамлекетке өткөрүлүп берилиши керек болчу, бирок мамлекеттик каттоодо мүлктүн бир гана бөлүгү катталганы белгилүү болду.

Президенттин билдирүүсүнөн кийин эле, бир катар сындар убактылуу өкмөттүн мүчөсү, депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан айтыла баштады. Анда президент Атамбаев азыркы мэр Ибраимовдон жер тилкесин сатып алганы айтылып, кийин анын мыйзамдуу экенин далилдеген документтер коомчулукка жарыяланат. Бирок кийинки кезекте социалдык түйүндөр Текебаевдин өзүндө кандай мүлкү бар деген маалыматтарды жайгашты. Ал өз кезегинде ири мүлкү бар экенин буга чейин айткан болчу. 

Мамлекеттик каттоо кызматы болсо депутатка таандык ири мүлктүн бар экенин тастыктады. Анда Текебаевдин үй-бүлөсүнө таандык 9 объект бар, ал жубайы Айгүл Текебаевага катталган.

Мындайча айтканда, ушуга чейин топтолгон мүлкү расмий катталган, бирок кыймылсыз мүлкүнүн көпчүлүгүн 2010-жылдын апрель айынан кийин сатып алган. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118