Жаңылыктар
Кара-Кулжада үйлөрдү сел каптады
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кулжада үйлөрдү сел каптады

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүргөнүн билдирди. 27-майда 20:15 чамасында Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө жааган жаандын кесепетинен сел суулары сайга батпай Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде 1 жарым чакырым ички чарбалык жолду каптаган. Ылай-Талаа айылында сугаруучу каналдан суу ашып, 25 турак үйдүн короо жайлары жабыркады. Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөттөрүнүн электр жарыгы өчүп, тиешелүү ишкана калыбына келтирген. Жабыркагандар жок.