Жаңылыктар
Аксыда сел агызып келген кум-шагыл Топ-Жаңгак – Кызыл-Көл унаа жолун жаап калган
Кырсык
Аксыда сел агызып келген кум-шагыл Топ-Жаңгак – Кызыл-Көл унаа жолун жаап калган

Аксыда сел агызып келген кум-шагыл Топ-Жаңгак – Кызыл-Көл унаа жолун жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 27-май күнү саат 19:10до нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен улам кокту-колоттордон келген сел суулар Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү 2 турак үйдүн короосун каптап, унаа жолду жаап калган. Белгиленген аймакка Аксы районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы жетектеген ыкчам топ тартылган.