Жаңылыктар
Кызматташтыкка жаңы дем берген расмий сапар
Саясат
Кызматташтыкка жаңы дем берген расмий сапар

Дүйнөдө теги тамырлаш, дили, тили, дини окшош элдер көп. 

Бирок, илгертен келин алып, кыз берип, куда-сөөк күткөн канатташ кыргыз - казак элдериндей калк жокко эсе. Кыргызга келин болгон казак кызы Нургүл айым жолдошу менен түтүн булатканына 56 жыл болду. Бул убакыт аралыгында 3 кыз, 1 уулду чоңойтуп, кайра эле казак элинен куда күтүштү. Мунун себебин ал эки элдин тыгыз байланышы менен түшүндүрөт.