Жаңылыктар
Миграциялык көйгөйлөр арбыды
Кыргызстан жаңылыктары
Миграциялык көйгөйлөр арбыды

Миграциялык көйгөйлөрдү  чечүүдө  тиешелүү мамлекеттик органдын тез-тез алмашып туруусу, макамынын төмөндөп кетиши маселенин тереңдеп  кетишин  шарттап жатат. 

Буга ички жана тышкы миграцияны  жөнгө салуу  функцияларынын   ар башка мамлекеттик  органдарга  өткөрүлүп берилиши  кошумча болууда. Тактап айтканда, тышкы иштер министрлиги, Ички иштер иштер министрлиги жана мамлекеттик миграция  кызматы  бүгүнкү күндө   эмгек  миграциясында жүргөн  мекендештерибиздин турмуш-шартын жакшыртуу, укугун коргоо жаатында  иш алып барып келишет. 

Деген менен  элчиликтер менен  консулдуктар жардам сурап кайрылган  жарандарга татыктуу  мамиле көрсөтпөй жатышы, мамлекеттик миграция кызматынын  маселени чечүүдө  статусунун  жоктугу жыл өткөн сайын  абалды оорлотуп баратканы Жогорку Кеңеште өкмөттүк  саат  учурунда депуттар  тарабынан өкмөттүн  толук курамына  айтылды.   

Гүлжан Каражанова