Жаңылыктар
К.Бобуловдун ысымы Бишкектеги мектептердин бирине берилди
Билим
К.Бобуловдун ысымы Бишкектеги мектептердин бирине берилди

Акын, адабиятчы жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун  ысымы  Бишкек шаарына караштуу  Көк–Жар жаңы конушундагы №88 орто мектепке  берилди. Ошондой эле 80  жылдык маарекесине карата чыгармалар жыйнагынын 5 томдугу чыгарылды.  

«Даңк»  медалынын ээси, Кыргыз   эл агартуусунун отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин кандидаты, акын жана адабиятчы Камбаралы Бобулов 1936-жылы 15-майда  Ноокаттын Өсөр айылында туулган. 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин  кыргыз филологиясы факультетинде ,1962-жылы КПСС Борбордук Комитетке караштуу коомдук илимдер академиясында, 1965-жылдан   аспирантурада  окуган. 1966-жылы кандидаттык ишин жактап, 1958-жылдан            «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер,  1963-жылдан «Правда» гезитинин  Кыргызстан боюнча өз кабарчысы, 1966-жылдан «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору, 1976-жылдан Автордук укук боюнча Бүткүл союздук агенттиктин  Кыргыз Республикасындагы бөлүмүнүн директору, 1982-жылдан Кыргыз   Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда  сектор башчы, 1985-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунда көркөм котормо боюнча кеңешчи ,1992-жылдан   «Кыргыз тил» коомунун президенти  болуп иштеген.