Жаңылыктар
Баш мыйзамдын кайсы беренелери өзгөртүлүшү зарыл?
Саясат
Баш мыйзамдын кайсы беренелери өзгөртүлүшү зарыл?

Баш мыйзамды өзгөртүү кириш сөзүнөн тартып, бир нече беренелерге киргизилиши керек. Мындай пикир   шайлоочулардын коомдук  кеңеши өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалымат жыйынын бергендер фейсбуук баракчасында жана кеңешменин жыйынында болгон талкуулардан кийин ушундай ойго келишкен.

Шайлоочулардын коомдук  кеңеши  баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү  киргизүү туурасындагы пикирлерди  алгач facebook баракчасында андан кийин, аймактардан чогулган мүчөлөрү менен бирге талкуулашкан. Натыйжада Конституциянын бир нече беренелерине өзгөртүү киргизүү туурасындагы буга чейин айтылган сунуштарга ынанышкан. Эң башкы аракеттеги Конституциянын преамбуласында- көрсөтүлгөн эркин демократиялык өлкө курабыз деп көрсөтүлгөн сөз "Эгемендүү мамлекет курабыз" деген сөз менен алмашылышы керек экендигин баса белгилеген кеңештин төрагасы Бүбүайша Арстанбекова,  бул сөздө  өтө чоң маани жаткандыгын белгиледи

Конституцияга сунуш кылынган өзгөртүүлөр аткаруу бийлигинин  туруктуугун жана президент менен премьер-министрдин,  Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын так бөлүнүшүн камсыздайт. Мындай пикирлер Конституцияга өзгөртү киргизүүнү демилгелеген  бир катар саясий партиялар, жарандык коомдук өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер тарабынан айтылууда. 

Назира Молдокулова