Жаңылыктар
Коррупцияга каршы стратегия кабыл алынат
Кыргызстан жаңылыктары
Коррупцияга каршы стратегия кабыл алынат

Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында 2022-2024-жылдарга карата Кыргызстандын мамлекеттик коррупцияга каршы стратегиясын кабыл алынды. Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова билдиргендей, аталган стратегия өзүнүн практикалык жана технократиялуулугу менен айырмаланат. 

“Башкача айтканда биз мурда кабыл алынган концепцияда каралган декларативдүүлүктөн алыстап кеттик”, - деди ал. 

Мындан тышкары, башкы катчы буга чейинки тажрыйбанын жана Кыргызстанда болуп өткөн окуялардын негизинде стратегиянын негизги принциптери жана механизмдери - мамлекеттик башкаруу тутуму, коомчулукта коррупция маселесинде толеранттуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, санариптешүү болуп саналаарын белгиледи.