Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстанда - мамлекеттик тил күнү
Кыргызстан жаңылыктары
 Бүгүн Кыргызстанда - мамлекеттик тил күнү

Бүгүн Кыргызстанда - мамлекеттик тил күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу иш чаралар өлкөбүздүн баардык мамлекеттик мекемелеринде өткөрүлүп жатат. 

Эскерте кетсек, 1989-жылы 23-сентябрь күнү Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши мамлекеттик тилдин макамын кошо бекиткен “Мамлекеттик тил” жөнүндө мыйзамды кабыл алган. Быйыл мамлекеттик тил күнүнүн 27 жылдыгын белгилеп жатабыз.

 Ал эми, 1994-жылы мыйзамга толуктоо киргизилип, орус тилине расмий тил макамы берилген. Бул - өлкөдө мамлекеттик тил менен катар Кыргызстанда жашаган башка улуттардын да тилдери өнүгүп жатат дегендик.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргызстандыктардын патриоттук сезимин гана ойготпостон, кыргыз тилин бекемдөөгө негиз боло алды.Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын 27 жылдыгына карата уюштурулган тегерек үстөлдө айтылды. Жолугууга тилчи, тарыхчы, адабият тануучулар жана студенттер катышты.