2022-жылдын 19-25-май күндөрү Лондондо Евразия жана Ромфорд кинофестивалын бириктирген IV кинофестиваль болуп өттү. Ал англис тилдүү аймактарда Евразия кинематографын өнүктүрүүгө арналган. Фестивалда даректүү, көркөм тасма, кыска метраждуу жана анимациялык тасма категориясындагы 50дөн ашуун чыгарма көрсөтүлүп, ага Улуу Британия, Кыргызстан, Азербайжан, Россия, АКШ, Украина, Өзбекстан, Казакстан жана Туркия өлкөлөрү катышкан.
Бул фестивалда Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын алдындагы “Кыргызтелефильм” студиясы тарабынан тартылган режиссер Т.Ибрагимовдун «Саякбай and the Beatles» тасмасы фестивалдагы “Мыкты даректүү тасма” категориясынын жеңүүчүсү аталды.
Ошондой эле, «Саякбай and the Beatles» Түркияда болуп өткөн “Halicarnassus” кинофестивалында “Кыска метраждуу даректүү тасма” категориясында байгелүү орунга жетишти.
Бул тасмада Кыргыз Республикасын Эл сүрөтчүсү Жылкычы Жакыповдун өмүр таржымалы, чыгармачыл жолу чагылдырылган, ал постмодернизмдин улуттук, жаңы варианттын чагылдырып, экперимент жүргүзүп келет. Улуттук көркөм искусствосуна салым кошуп келе жаткан таланттуу сүрөтчүнүн өмүр баяны, руханий изилдөөлөрү, ошондой эле Республиканын маданий турмушундагы өзгөрүүлөр чагылдырылат.
«Саякбай and the Beatles» даректүү тасмасы 2021-жылы таланттуу тартуучу топтун күчү менен тартылган.
Сценарийдин автору жана режиссеру, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Тынай Ибрагимов;
операторлор: Эрнес Мамытов, Адилет Молдобеков;
монтаждын режиссеру Автандил Абышкаев;
продюсер Нуржан Токомбаева.