Жаңылыктар
Унаа салыгын төлөбөгөндөр үчүн рейд жүргүзүлүүдө
Экономика
Унаа салыгын төлөбөгөндөр үчүн рейд жүргүзүлүүдө

Учурда автоунаа салыгын төлөгөндөрдүн саны 90 пайызды түздү. Бул туурасында салык кызматынан билдиришти. Кирешелер боюнча башкармалыктын ага инспектору Өзгөрбек Молдобаевдин айтымында, быйыл 2015-жылга салыштырмалуу салык төлөөчүлөр активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. 

Белгилей кетсек авто унаа салыгын убагында төлөбөгөндөр 2000 сом айып пул төлөп жатат. Анткени салыкты төлөө мөөнөтү ушул жылдын 1-сентябрына чейин берилген. Учурда патрулдук милиция менен салык кызматы биргеликте авто унаа салыгын төлөбөгөндөр үчүн рейд жүргүзүп жатат.