Жаңылыктар
ТИМ Канадага «Кумтөр» боюнча КРнын позициясын билдирди
Экономика
ТИМ Канадага «Кумтөр» боюнча КРнын позициясын билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Нью-Йоркто кесиптеши Канаданын Тышкы иштер министри Стефан Дион менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. 

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда Абдылдаев «Кумтөр» маселеси боюнча кыргыз тараптын позициясын билдирип, Канада тарапты «Центерра Голд» компаниясынын ишмердүүлүгүнө көңүл бурууга чакырган. 

Ал арада жергиликтүү серепчилер жолугушууга оң баасын беришип, кандай болгон күндө дагы дипломатиялык кайрылуу болгонун айтышууда.  

Эске салсак, бул ири-экономикалык «Кумтөр» долбоору башталгандан бери Кыргызстандын көргөн пайдасы 1 млрд долларга дагы жете элек. Ал арада инвесторлордун көргөн пайдасы 11 млрд долларга чукулдагшанын экономистер эсептеп чыгышкан.

Мээрим Абдраманова