Жаңылыктар
Өкмөт Чүй облусуна өнөр-жай аймагын түзүүнү мерчемдөөдө
Экономика
Өкмөт Чүй облусуна өнөр-жай аймагын түзүүнү мерчемдөөдө

Өкмөт Чүй облусунда эки өнөр-жай аймагын түзүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу  премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында билдирди. 

Маалыматка ылайык, учурда кандай завод же ишкана керектигин аныктоо багытында иш жүрүүдө. 

Ал эми  ишкерлер өкмөттүн мындай кадамын колдошуп, эң башкысы эркин аймакта ыңгайлуу шарттар болушу керектигин айтышууда. Кыргызстанда өнөр-жай аймагын  куруу муктаждыгы канчалык? Кийинки материалда сөз болот:

Өлкөдө беш "Эркин экономикалык аймак" иштейт. Андагы ишканалар салыктык жеңилдиктерден пайдаланышат жана чыгарган продукцияларынын 70 пайызы  экспортко чыгышы керек. 

Дүйнөлүк практикада "Эркин экономикалык аймактардын" мааниси чоң. 

Андагы түзүлгөн шарттар, каралган жеңилдиктер инвесторлор үчүн эң эле ыңгайлуу болушу шарт. 

Мээрим Абдраманова