Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Бүгүн 3-июнда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды.

 Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын офицери, майор Асылкерим Ажиев “Биринчи радиого” билдирди. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандар жок. Айтымында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат. Бирок, тажик тарап ок атууну токтотпой жатканы айтылды.