Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 1 аскер жаракат алды
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 1 аскер жаракат алды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 3-июну саат 14.15ге карата Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтогондугун маалымдайт.

Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты.

 Ок атышуу учурунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын 1 аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

 Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барышууда.

 Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.