Жаңылыктар
Президент Москвада дарыланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Москвада дарыланууда

Адистердин сунушу жана россиялык тараптын чакыруусу боюнча Президент Алмазбек Атамбаев дарылануусун улантуу үчүн Москва шаарындагы Россия Федерациясынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Борбордук клиникалык ооруканага барды.

Өлкө башчысы менен кошо Президенттин Иш башкармасына караштуу Клиникалык оорукананын башкы врачынын орун басары, кардиолог Гүлмира Баитова жүрөт. 

Мурда кабарлангандай, 19-сентябрда Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн бараткан жолдо Стамбул шаарынын "Ататүрк" аэропортунда Мамлекет башчысы өзүн жаман сезгендиктен алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. 

Медициналык изилдөө Президенттин жүрөгүндө оорунун белгилери бар экенин аныктагандыктан, ага тез аранын ичинде медициналык толук текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин байкоосунда болуу сунушталган .


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118