Жаңылыктар
Адахан Мадумаровго коюлган айыптар
Кыргызстан жаңылыктары
Адахан Мадумаровго коюлган айыптар

Тажикстандан жер тилкесин убактылуу ижарага алуу, Каркырадагы айрым жерлерди казак тарапка берүү боюнча протоколдорго кол койгону үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго карата “мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кийинчерээк Башкы прокуратура бул беренени “кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөрткөн. 

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкелер 30 жылдан бери чечилбеген көйгөй болуп келет. Эксперттердин баамында, бул маселелерди чечүүдө 2009-жылдагы протоколго ошол кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Адахан Мадумаров кол койгон. 

Документке ылайык, кыргыз тарап 275 метр узундуктагы жер тилкесин Тажикстандан 49 жылга ижарага алган. Эми тажик тарап бул жерди «ижарага» берилгендиктен алардыкы деп эсептейт, кыргыз тарап бул жерлерди такталбаган чек ара тилкелеринин категориясына кошкон. Талдоочулардын айтымында, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы бул протоколго кол коюу менен өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен.