Жаңылыктар
Мындан ары жарандар паспорт алууда төлөмдү мобилдик тиркеме аркылуу QR-код менен онлайн төлөсө болот
Кыргызстан жаңылыктары
Мындан ары жарандар паспорт алууда төлөмдү мобилдик тиркеме аркылуу QR-код менен онлайн төлөсө болот

Мындан ары жарандар паспорт алууда ага болгон төлөмдү мобилдик тиркеме аркылуу QR-код менен уюлдук телефондун жардамында онлайн төлөсө болот. 

Санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан бул кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, Калкты тейлөө борборлорундагы кассада кезек күтүүнү жоёт. 

Ошол эле учурда ашыкча убара болуп банкка баруунун кажети жок. Жарандардын ыңгайы үчүн жаңы кызматты ишке ашырууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев күбө болду.