Жаңылыктар
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү
Чек ара
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү

Баткен облусунун Баткен районунун Булак-Башы жана Төрт-Көчө тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар бекемдөө катары тартылып келген кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жерине чыгарып кетүүнү жүзөгө ашыруу, чек арачыларды эки тараптуу негизде алмаштырууну, инженердик курулуштарды демонтаждоо, үстөмдүк кылган бийиктиктерге чек ара тозотун жиберүүгө тыюу салууну макулдашышты. 

Андан ары Төрт-Көчө аймагында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын Согди облусу боюнча башчысынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга тараптардын чек ара заставаларынын жетекчилери да катышты. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар жетишилген макулдашууларды аткаруу, чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө жана бардык пайда болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын ырасташты. Мамлекеттик чек ара сызыгынан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгарууну Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын жетекчилери көзөмөлдөйт.