Жаңылыктар
А.Бейшеналиев жана К. Зулушев кызматтарынан убактылуу бошотолду
Саясат
А.Бейшеналиев жана К. Зулушев кызматтарынан убактылуу бошотолду

А. Бейшеналиев жана К. Зулушев тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин эске алып, саламаттык сактоо министри менен башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, 66 жана 71-беренелерин жана 89-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып: Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кылмыш жасаганга шектүү деп кармалганга байланыштуу ал тергөө мезгилине чейин ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди, ошондой эле башкы прокурор кызматынан Курманкул Зулушев тергөө мезгилинде убактылуу кызматынан четтетилди.