Жаңылыктар
Өлкөдө архив кызматынын түптөлүшүнүн 90 жылдыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө архив кызматынын түптөлүшүнүн 90 жылдыгы белгиленди

1926-жылы Кыргыз автономдуу облусунда архив ишин уюштуруу милдеттендирилген архив бюросу түзүлгөн. Бир кылымга жакын убакыт иштеген мекеме 4 миллион 400 миң бирдик архивдик документтерди жыйнаган. 

19-кылымдын орто ченинен азыркы убакытка чейин камтылган документтердин ичинен 4 миллион 242 миң иш кагаз негизинде, калганы фото, моно жана видеодокументтерди түзөт. Мамлекеттик архив кызматынын тутумуна 56 шаар жана райондук, 8 облусттук жана 3 борбордоштурулган архив кызматы бар. 

Анда жалпы 500дөн ашуун кызматкер эмгектенет. Архив адистери акыркы жылдары чет өлкөлөрдөн тарыхый документтерди чогултуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. Керектүү документтерди сактаган мекеменин мааракеси салтанаттуу түрдө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгиленди.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118