Коррупцияга шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын Тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук сотунан билдиришти. Соттун чечиминин негизинде Бейшеналиев бир айлык мөөнөткө кармалды.Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды. Президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комиссия түзгөн. 4-июнда президент Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушевди тергөөгө тоскоолдук жаратпашы үчүн ээлеген кызматтарынан убактылуу четтеткен.