Жаңылыктар
Ак-Шыйрак айылына 1 200 түк чөп жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Шыйрак айылына 1 200 түк чөп жөнөтүлдү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Шыйрак айылына 1 200 түк чөп жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, тоют жеткирүү ишине жалпы алты оор техника тартылган. Эске салсак, 29-30-май күндөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондоруна катуу кар жаап, ашууларга көчкү түшүп, жайлоого кеткен жолдор жабылып калган. Мындан улам жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү пайда болуп, миңдеген мал-жандык өлгөн. Учурда жолдор тазаланып, ачылды.