Жаңылыктар
Кыргыз тили - баа жеткис улуу мурас
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз тили - баа жеткис улуу мурас

Бүгүн улуттук китепканада Мамлекеттик тилдин 27 жылдыгына арналган “Кылымдарды карыткан кыргыз тилим - кыйырсыз сенден алам чексиз билим” аталышындагы тегерек үстөл уюштурулуп, китеп көргөзмөсү ачылды.

 Иш чарага белгилүү окумуштуу - тилчилер, тарыхчылар, адабиятчылар жана студенттер катышты. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам 1989 жылы 23 сентябрда кабыл алынган. 1992 жылы кыргыз өкмөтү мамлекеттик жана коомдук структураларда расмий жумуштук документтерди кыргызча жазууга өтүүнүн өбөлгөлөрү менен мөөнөттөрүн белгилеген атайын токтом чыгарган. 

Кыргыз тили -эзелтеден бери кыргыз элинин дүйнө таанууу, тиричилик, рухий - жаратмандык тажрыйбасын камтыган баа жеткис улуу мурас. Кыргыз тили кылымдар бою оозеки гана сүйлөнуп, 19 кылымдан баштап жазма түрүндө колдонула баштады. Совет доорунда улуттук тилдин графикалкы системасы, лексикалык, грамматикалык, орфографиялык жана башка нормалары жөнгө салынды.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118