Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Башкы директорду эмгек жамаатка Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов менен Президенттин Басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тааныштырды.
Иманалиев буга чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткарып келген. 14-майда корпорациянын “коомдук” макамы “улуттук” болуп өзгөргөн.