Жаңылыктар
Ош шаардык кеңешинин депутаттары Кадыржан Батыровго каршы нааразычылык билдиришти
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаардык кеңешинин депутаттары Кадыржан Батыровго каршы нааразычылык билдиришти

Ош шаардык кеңештин депутаттары Кадыржан Батыровго каршы нааразычык билдришти. Эл өкүлдөрү Варшавадагы ЕККУнун сессиясында эмне үчүн Кадыржан Батыровго сөз берилип, тынчтык аянтчасын ал өз кызыкчылыгына колдонушуна мүмкүндүк берилгенин түшүнө албай жаткандарын айтышты. 

Жыйында депутат Шакир Зулимов, Кыргызстандын ички саясатына аралашууга Кадыржан Батыровдун эч кандай моралдык укугу жок экенин билдирди. 

Эл өкүлдөрү өлкө туруктуулугуна бүлүк салуу аракетиндеги айрым саясатчылар, укук коргоочулар, тактап айтканда Төлөйкан Исмаилова жоопко тартылышы керектигин талап кылышты. Ошондой эле элди чагымчыл аракеттерге алдырбай, туруктуулукту сактоого чакырышты.