Жаңылыктар
Президент Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Сингапурдун курамасы менен беттеште колдоп келди
Спорт
Президент Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Сингапурдун курамасы менен беттеште колдоп келди

Президент Садыр Жапаров борбордук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргызстандын улуттук курама командасы менен Сингапурдун курамасынын футболдук беттешине барды. 

Беттеш Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагында өттү. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде жеңип алды. 

Беттештин 1-таймы 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. 55-мүнөттө Сингапур оюнчусу Ю Янг Сонг эсепти ачты. 77-мүнөттө Сингапур оюнчусу Кыргызстандын жарым коргоочусу Виктор Майерге карата эреже бузуп, калыс пенальти белгиледи. Валерий Кичин топту дарбазага таамай тээп, эсепти теңеди. 80-мүнөттө Виктор Майер Сингапурга 2-голду киргизди.