Жаңылыктар
“Ата Мекен” фракциясы "Манас" аэропортун текшерди
Кыргызстан жаңылыктары
“Ата Мекен” фракциясы  "Манас" аэропортун текшерди

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы бүгүн "Манас" аэропортунун иши менен таанышып, жеринде жыйын өткөрдү. Анда Өмүрбек Текебаев 2015-жылы аэропорт тамак-аш менен камсыздоо жана жүк түшүрүүчү "Манас менежмент компаниясын" кымбат сатып алганын билдирди. 

Аталган компания жетекчилиги сатып алуулар тууралуу маалымат берди, бирок ага "атамекенчилер" канааттанган жок. 

Өз кезегинде "Манас" аэропортунун башкы директору Эмир Чукуев бул компания кымбат алынды деген маалыматты четке какты. Ал Өмүрбек Текебаевди саясий кызыкчылыктар үчүн аэропорттун дарегине көлөкө түшүрбөөгө үндөдү.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118