Жаңылыктар
Кыргызстандын делегациясы ЕККУга нааразычылыгын билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын делегациясы ЕККУга нааразычылыгын билдирди

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышып жаткан кыргыз делегациясы ЕККУга нааразычылыгын билдирди.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолукту. 

Анда Кыргызстандын расмий делегациясынын бир нече ирет билдирген билдирүүсүнө карабастан, Варшавада ЕККУнун “адам укуктары боюнча эл аралык конвенциясынын” 3-сессиясында сепаратисттердин лидери Кадыржан Батыровго сөз берип, билдирүү менен чыгуусуна мүмкүнчүлүк бергенине нааразылыгын билдиришти.

 Кыргыз делегациясы Кадыржан Батыровду ЕККУнун бардык иш-чараларына катышпай тургандардын тизмесине кошууну талап кылды. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118