Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Чүйдөгү ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Чүйдөгү ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Чүй облусундагы өндүрүш тармагын дагы эки-үч эсеге жогорулатып, жумушчу күчтөрдүн санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров облустагы ири ишканаларга барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда билдирди. Өзгөчө кийим тигүүчү ишканалардын жетекчилигине тармакты кеңейтип, сырткы рынокко көбүрөөк товар экспорттоого чакырды.