Жаңылыктар
Баткен шаарынын негизги көчөлөрү кеңейтилип, тротуарлар курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен шаарынын негизги көчөлөрү кеңейтилип, тротуарлар курулууда

Баткен шаарынын негизги көчөлөрүн кеңейтүү жана тратуарларды куруу иштери жүрүп жатат. Борбордук Мухтар Нургазиев көчөсүнүн 1 чакырым аралыгына аллея курулуп, июнь айынын аягына чейин пайдаланууга берилет. Бирок шаар тургундары инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштердин сапаты канааттандырбай жатканын айтышууда. Буга чейинки жумуштар начар жасалганын мисал келтиришүүдө.