Жаңылыктар
КТРК СПОРТ Бишкекте өтүп жаткан Азия Кубогунун тандап алуу оюндарын түз эфирде ютуб каналы аркылуу көрсөтүүдө
Спорт
КТРК СПОРТ Бишкекте өтүп жаткан Азия Кубогунун тандап алуу оюндарын түз эфирде ютуб каналы аркылуу көрсөтүүдө

Баш калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогуна тандап алуу оюндары өтүүдө. F тайпасында жайгашкан Кыргызстан, Мьянма, Тажикстан жана Сингапур курамалары жеңиш үчүн ат салышууда.

Футбол күйөрмандарынын беттешти көрүү ыңгайлуулугун эске алып, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилиги жогорудагы курамалардын оюндарын онлайн көрсөтүү чечимин кабыл алып, тийиштүү бөлүмгө тапшырма берген. 

Анын негизинде, Бишкекте өтүп жаткан Азия Кубогунун тандап алуу оюндарын КТРК СПОРТ түз эфирде ютуб каналы аркылуу да көрсөтүүдө.

Кошумчалай кетсек, алдыда финалга тете Кыргызстан - Тажикстан курамаларынын беттеши болот. Оюнду стадионго барып көрүү мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, анда КТРК СПОРТтун ютуб баракчасына баш багыңыз.

Биз менен бирге Курамабызды сүрөөнгө алып, колдоп туралы! Алга Кыргызстан!

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы эл кызматында!