Жаңылыктар
Кыргыз-герман ишкерлеринин бизнес-форуму
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-герман ишкерлеринин бизнес-форуму

Бишкекте кыргыз-германия экономикалык бизнес-форуму өтүүдө. Анда эки тараптын ишкерлери мамлекеттер ортосундагы соода-алаканы чыңдай турган мүмкүнчүлүктөрдү караштырып, кызматташуунун деңгээлин жаңы баскычка көтөрүүнү көздөп жатышат. Форум өтөрдүн алдында эки тараптын тең ишкерлери катышкан кыргыз-герман ишкер кеңеши түзүлгөн. Бул орган бардык кызыкдар тараптардын башын бириктирүү менен эки ортодогу соода экономикалык жана инвестициялык климатты жакшыртууга салым кошору айтылды.