Жаңылыктар
Балыкчы-Тамчы-Корумду жол иши кайра жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчы-Тамчы-Корумду жол иши кайра жанданды

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунда кайрадан курулуш иштери жанданды. Жол оңдоо жумуштары Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу токтоп турган болчу. 

Азыр Чоң-Сары-Ой айылынан баштап Чолпон-Ата шаарына чейинки аралыктын эски асфалты толугу менен алынып, жаңысы жаткырылганы жатат. 

Тамчы-Корумду жолунда быйылкы жылы суук түшкөнгө чейин кырк чакырымга жакын жол толугу менен бүткөрүлөт. Мындан сырткары бир сыйра асфальт жаткырылган жолго экинчи катмары төшөлөт. Оңдой- берди болуп күн да жылуу болуп турат.

Каракол шаарында болсо капиталдык жол курулуш иштери былтыркыдай көлөмдүү эмес. Былтыр өкмөттөн каржылык колдоо болгон.Быйыл шаар бийлиги курулуш иштерин өз казынасынан жана облусту өнүктүрүү фондунун эсебинен гана жүргүзүүдө. Антсе да шаардын негизги беш чакырымга жакын жолу жаңыланды.