Жаңылыктар
Бишкекте жаңы стадиондун курулушу башталат
Спорт
Бишкекте жаңы стадиондун курулушу башталат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 14-июнда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын курамаларынын ортосунда болгон беттешке барды. Бул биздин команда үчүн Азия Кубогу-2023кө тандоо этабындагы акыркы оюну болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары оюнду тең, 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. 

Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты. Беттеш аяктаган соң Мамлекет башчысы улуттук кураманын  кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы бул ийгилиги менен куттуктады. Ал болуп өткөн бардык беттештердин жүрүшүндө спортчулар кооз жана укмуштуудай футболду көрсөтүп, кыргызстандыктарга чыныгы майрам тартуулашканын белгиледи. Садыр Жапаров машыктыруучулар курамына ыраазычылык билдирип, аларсыз бул жеңиштерге жетишүү мүмкүн болмок эместигин билдирди. Президент спортчулар менен болгон баарлашууда Кыргызстандын футбол боюнча  курамасынын Азия Кубогуна катышуусуна байланыштуу бардык каржылык маселелер өз убагында чечилерин баса белгиледи. Ал алдыда команданы көптөгөн жаңы спорттук бийиктиктер күтөөрүнө, мамлекет тарабынан керектүү колдоо ар дайым көрсөтүлөөрүнө ишенимин билдирди. Мындан тышкары, Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жагымдуу жаңылык— үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди.