Жаңылыктар
Кыргыз - тажик чек арасында абал тынч
Чек ара
Кыргыз - тажик чек арасында абал тынч

Бүгүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, эч кандай чыр-чатактар катталган жок. Кечээ, 14-июнда, саат 19:30дан 20:35ке чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын башка тилкелеринде чыр-чатактарды болтурбоо максатында Баткен облусунун Төрт-Көчөсүндө Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. 

Жолугушууга тараптардын жооптуу аймактардагы чек ара тосотторунун башчылары да катышты. 14-июнда таңга маал Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын жагдайларын эске алуу менен, мамлекеттик чек аранын башка аймактарында кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында, тараптардын чек ара заставаларынын башчыларына кырдаалдын курчушуна жол бербөө жана жоопкерчиликтүү аймактарда кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасы берилди.