Жаңылыктар
“Кыргыз темир жолу”: 45 экстремалдуу токтотуу болуп,кырсыктын алдын алынган
УТРК жаңылыктары
“Кыргыз темир жолу”: 45 экстремалдуу токтотуу болуп,кырсыктын алдын алынган

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы калк арасында, анын ичинде чет өлкөлүк студенттерге коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда. 

Кырсыктын башкы себеби, темир жолдон өтүү эрежелерин билбегендик жана коопсуздукка кайдыгер мамиле кылуу. Темир жолдо катталган кырсыктардын 90 пайызы жаштардын кулакчын тагып, темир жол бойлой басканынан болууда. 

Эреже боюнча темир жол менен жөө адам басууга тыюу салынган. Мындай кырсыктар чет элдик студенттердин катышуусунда да катталган.

Жыл башынан берки 5 айда темир жолдо поездди 45 экстремалдуу токтотуу болуп, 37 кырсыктын алдын алынган. Алты адам жаракат алса, эки учур адам өлүмүнө алып келген.