Жаңылыктар
Арзыбек Кожошев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Арзыбек Кожошев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Арзыбек Кожошев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. 

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.