Жаңылыктар
БУУнун Башкы Ассамблеясында Эрлан Абдылдаев сөз сүйлөдү
Кыргызстан жаңылыктары
 БУУнун Башкы Ассамблеясында Эрлан Абдылдаев  сөз сүйлөдү

24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сөз сүйлөп, Бириккен Улуттар Уюмун жана өнөктөш өлкөлөрдү 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоону колдоого чакырды.

Шайлоолорду эл аралык стандартка ылайык өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз, - деп билдирген Абдылдаев 2015-жылы Кыргызстандагы парламенттик шайлоо учурунда биринчи жолу биометрикалык технология киргизилгенин белгилеп, шайлоо жыйынтыгы бардык саясый күчтөр тарабынан таанылып, элдин биримдиги бекемделгенин жана шайлоону эл аралык коомчулук демократиянын негизинде өттү деп тааныганын кошумчалады. 

Министр улуттар аралык жаңжалды козуткандыгы үчүн соттолгон Кадыржан Батыровдун Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыйынында сүйлөгөнү тууралуу дагы сөз козгоду.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118