Жаңылыктар
Кыргыз бийчилери дүйнөнү багынтууда
Маданият
Кыргыз бийчилери дүйнөнү багынтууда

«Адем» бий тобу Словакиянын Братислава шаарында өткөн Česko Slovensko má talent сынагында финалга чыкты. Бул тууралуу мекендешибиз Атай Өмүрзаков социалдык баракчасына жазып чыкты. Атайдын айтымында, “Адем” бий тобу калыстардын Golden buzzer сыйлыгына биринчи турда ээ болгон. 

Бул финалга чыгууну шарттады. Кыргызстандыктардын бийи калыстар тобун таң калтырып, алар ордуларынан тура калып кол чабышкан. Бийчи Атай Өмүрзаков буга чейин Британия, Украина, Орусия, Чехия сыяктуу бир катар өлкөлөрдөгү сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118