Торкент айылы жаңы мектепке муктаж. Учурда имараттын шыбы урап, полу тешилип калган. Аманкан Мамыров атындагы орто билим берүү жайын 5, 6 жыл мурда эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан колдонууга болбойт деген корутунду чыгарылганган. Бирок, башка имарат жок болгондуктан авариялык абалдагы мектепте окуучулар билим алып келишет.