Жаңылыктар
Борбор калаада көлөмү 2 тонна 100 килограмм болгон торт даярдалды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада көлөмү 2 тонна 100 килограмм болгон торт даярдалды

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арнап борбордогу таттууларды чыгарган фирмалардын бири көлөмү 2 тонна 100 килограмм болгон, бетинде 25 деген жазуусу бар торт даярдады. 

Жалпы аянты 100 квадрат метр болгон тортту даярдоого жарым миллион сом каражат жумшалып, ал үчүн фирманын кызматкерлери 3 күн даярданышкан. Эң чоң көлөмдөгү торттун даамын татып көрүүнү каалагандар көп болуп, ар бир кесими 25 сомдон сатылды. 

Сатуудан түшкөн акчаны фирманын кызматкерлери балдардын онкологиялык ооруканасына жардам катары которууну пландап жатышат.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118