Жаңылыктар
Жерлерди трансформациялоонун жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүүнүн жүрүшү боюнча президенттин администрациясы маалымат таратты
Кыргызстан жаңылыктары
Жерлерди трансформациялоонун жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүүнүн жүрүшү боюнча президенттин администрациясы маалымат таратты

Өлкөдө жерлерди трансформациялоонун жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүүнүн жүрүшү боюнча президенттин администрациясы маалымат таратты. Анда айтылгандай, Президент Садыр Жапаров былтыр 22-ноябрында Чүй облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда бардык жарандарга 2022 жылдын 1-апрелине чейин жер участокторун мыйзамдаштырып, укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүү боюнча тапшырма берген. Жер участкаларын жеринде изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө мыйзамсыз жеке турак үйлөр жана пайдубалдар курулуп калган 142 миң 337 жер тилкелери такталган. Бүгүнкү күнгө карата 28 миңден ашуун жаранга техникалык паспорт берилди. Техникалык паспорт алуу менен жарандар каттоого турууга, ар кандай социалдык төлөмдөрдү алууга жана шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк ала алышты.

Мыйзам талаасында бул маселени чечүү үчүн “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жѳнүндѳ” Мыйзам ушул жылдын 17-мартында Жогорку Кеңеш кабыл алып, 2022-жылдын 5-апрелинде күчүнѳ кирген. Бул мыйзамдын негизинде өлкөдө жалпы аянты болжол менен 29 миң 872 гектар жер трансформацияланат.

Мыйзамга ылайык 2022-жылдын 31-майында Министрлер Кабинети № 291 токтому менен “Жер мунапысын ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ” Жобону бекитти.

Учурда Жобого ылайык шаарлардын мэрияларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда атайын Комиссиялар түзүлүп аталган жерлерди дагы бир ирээт тактоо жумуштары жүрүп жатат. Мындан сырткары, Жобого ылайык жарандар райондук, шаардык комиссияга керек документтерин тапшырып кайрылгандан кийин комиссия 30 күн ичинде кайрылган жарандардын тизмесин топтоп түзүүсү зарыл.

Комиссия документ топтолгон бир айдан кийин менчик ээсин тактоо максатында 30 күнгѳ чейинки убакытта коомдук билдирүүгѳ чыгарат жана атайын такталарда документ берген жарандардын тизмесин илишет. Эгер ушул аралыкта комиссияга сунуш пикирлер түшпөсө коммиссия отурум өткөрүп, жогоруда белгиленген тизмелерди бекитет жана айыл өкмөттөргө жана мэрияларга жиберет.

Айыл өкмөттөр жана шаар мэриялары бекитилген тизмедеги жарандарга чечим чыгарып, жергиликтүү каттоо кызматына жөнөтөт. Андан сон жарандар барып, жергиликтүү каттоо кызматынан тиешелүү документин ала алышат. Бул норма азыр иштеп баштады. Ошондой эле, тиешелүү министрлик тарабынан учурда атайын топтор түзүлүп, жериндеги адистерди, комиссия мүчөлөрүн окутуу иштери жүрүүдө .

Белгилей кетүүчү нерсе, бул Мыйзамга ылайык санитардык нормаларга туура келбеген газ түтүктөрү өтүп жаткан, таштанды полигондордун жанындагы, мүрзөлөрдүн жанындагы, электр чубалгыларынын алдындагы жерлер, жөнгө салынбайт.