Жаңылыктар
Жер тилкелерин трансформациялоо: документтер алынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жер тилкелерин трансформациялоо: документтер алынууда

Сокулук райондук администрациясы жер тилкелерин кызыл китепке каттоо үчүн жарандарды кабыл ала баштады. 15 миңден ашык калк отурушкан Ак-Ордо конушунун жашоочуларын тейлөөгө чоң зал бөлүнгөн, кезек күткөндөр да көп. Министрлер кабинети майдын соңунда "Жер мунапысын ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ" жобону бекиткен. Ага ылайык, мэриялар жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда комиссиялар түзүлүп, тилкелерди дагы бир ирет тактоо жумуштары жүрүп жатат.