Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров «The Independent» британ басылмасына эксклюзивдүү маек берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров «The Independent» британ басылмасына эксклюзивдүү маек берди

Климаттын өзгөрүүсү, экология маселелери жана аны чечүү чаралары. Бул жана башка маанилүү маселер тууралуу Президент Садыр Жапаров «The Independent» британ басылмасына эксклюзивдүү маек берди. 

Басылмада “Жапаров Глазгодо баяндама жасагандан бери глобалдык жылуулануу боюнча талкуунун алдыңкы фигурасына айланды. Ал өз сөзүндө дүйнө жүзүн климаттын өзгөрүүсүнөн улам эң чоң коркунучка, жайыктагы өлкөлөр эле эмес, Кыргызстан өңдүү бийик тоолуу бир топ мамлекеттер да дуушар болуп жатканын моюнга алууга үндөдү” деп жазылган.